"Өзүмдү жоготуп коё жаздадым". Якутияда -55 градус суукта чуркоо марафону өттү (видео)
Салттуу кышкы экстремалдык “Муздак Оймякон полюсу” марафону планетанын эң суук аймагында өттү. Жарыш биринчи жолу беш жыл мурун – 2019-жылы өткөн.
Бешинчи жолу өтүп жаткан чуркоо 12-январда Оймяконский улусунда башталган. Бүгүн таңкы саат 6да термометр минус 55 градусту көрсөткөн, бирок бул марафонго катышууга арыз берген Орусиянын алты аймагынан 38 адамды чочуткан эмес.
Спортчулар эки дистанцияда: 21,1 чакырым (жарым марафон) жана 42,2 чакырым (марафон) жарышты. "33-чакырымдан кийин өзүмдү жоготуп коё жаздадым" дейт марафончулардын бири.