30 жыл мурун тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү (сүрөт)
Теннесси штатында 30 жыл мурда тоңдурулган эмбриондордон эгиздер төрөлдү. Бул тууралуу Би-Би-Си жарыялады.
Бул тоңдурулган эмбриондор "төрөлүүнү күткөн" тарыхтагы эң узак мезгил. Эмбриондор 1992-жылдын 22-апрелинен бери суюк азотто -128 градус температурада сакталып, жашоого жөндөмдүүлүгүн сактап калган. Эритилген эмбриондордон 31-октябрда эгиздер төрөлдү.
Эгиздер жарыкка келген Рижуэйлердин үй-бүлөсү мындайча айтканда, эмбриондорду асырап алган. Бул үй-бүлөдө жубайлардын 4 баласы бар жана алардын баары табигый жол менен төрөлгөн. "Эгиздерге Кудай жан бергенде мен болгону 5 жашта элем. Ошондон бери Кудай алардын жанын колдоп келди. Кандайдыр бир мааниде алар биздин улуу балдарыбыз, бирок эң кенжетайларыбыз болуп калат", - деп Филип Рижуэй журналисттерге айтып берген. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="149605,149606,149607"]