"3 бала, 1 кызды башка чаап өлтүргөн". Бразилияда эркек киши бала бакчага балта менен кол салды
Бразилиянын Блуменау шаарында 25 жаштагы жигит бала бакчанын тарбиялануучуларына балта менен кол салып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышты.
Каза болгондордун арасында үч бала жана бир кыз бар. Алардын башына балта менен чапкан. Каза болгондор 5-7 жаштагылар. Дагы беш бала жабыркаган.
Балдар сейилдеп жүргөн учурда белгисиз адам бала бакчаны курчап турган тосмодон секирип кирген. Кол салуудан кийин адам полицияга багынып берген. Мындай ишке эмне себеп болгону азырынча айтыла элек.