SerepTV Logo

Кенияда калпычы адвокат кармалды. Бирок ал 26 иш алып, баарын жеңген...

Кенияда калпычы адвокат кармалды. Бирок ал 26 иш алып, баарын жеңген...

Найробиде өзүн узак убакыттан бери лицензиясы бар юрист катары көрсөткөн адам кармалды. Анын кесипкөйлүгүн тастыктаган эч кандай документ табышкан эмес. Бирок ал алган 26 иштин баарын жеңип чыккан.

Элдин арыздары түшө баштагандан кийин полиция ал кишини кармаган. The-star билдиргендей, адвокат Кениянын Жогорку Сотунун тизмесинде болгон эмес жана уруксат берүүчү лицензияга ээ эмес. Тергөөчүлөрдүн айтымында, ал адамдарды коргоого мүмкүндүк берген жасалма документтерди жасаган.

Ал документсиз эле Жогорку Соттун судьяларынын жана Апелляциялык соттун судьяларынын алдында 26 ишти утуп алган. Ошол эле учурда анын компетенттүүлүгү эч кимдин нааразычылыгын жараткан эмес. Эркиндикке чыккандан кийин кырдаалды түшүндүрүп берем деп өзү убада берген.

[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="208381,208382"]
edita