SerepTV Logo

21 жаштагы индиялык модель "Аалам сулуусу" аталды (видео)

21 жаштагы индиялык модель "Аалам сулуусу" аталды (видео)

Индиялык модель Харнааз Сандху "Аалам сулуусу - 2021" эл аралык сулуулук сынагында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу сынактын расмий Twitter аккаунтунда айтылат.

"Аалам сулуусу" 21 жашта жана Чандигархта жашайт. Модель болуп иштейт. Мелдештин финалы биринчи жолу Израилде Кызыл деңиздин жээгинде өттү. Таажыны сынактын мурдагы жеңүүчүсү мексикалык Андреа Меса ыйгарды. Лалела Мсване (Түштүк Африка) менен Надиа Феррейра (Парагвай) экинчи жана үчүнчү орундарды ээлешти.

edita