SerepTV Logo

20 жаштагы кыз оозуна пирсинг жасатам деп каза болду

20 жаштагы кыз оозуна пирсинг жасатам деп каза болду
Бразилиялык 20 жаштагы кыз оозуна пирсинг жасатып, анын кесепетинен инфекция баш мээсине кирип, каза болгон. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

20 жаштагы Андрессу Соуза салондордун биринде эринине пирсинг жасаткан. Анын кесепетинен инфекция кирип баш мээсин жабыркаткан. Ал 24 күн реанимацияда жатып көз жумган. Врачтардын айтымында, инфекция кыздын мээсинин 37 пайызын жабыркаткан. Маркумдун апасы пирсинг жасаткандан кийин Андрессунун оозу шишип, эринин кыймылдата албай калганын айткан.

info