SerepTV Logo

Финляндияда 107 жылдын ичиндеги эң жогорку температура катталды

Финляндияда 107 жылдын ичиндеги эң жогорку температура катталды
107 жылдын ичиндеги эң жогорку температура Финляндиянын Лапландия аймагында катталды. Аталган мамлекеттин метеорологиялык институтунун билдиришинче, кечээ, 6-июлда өлкөнүн түндүгүндөгү Лапландия аймагындагы Уцжоки-Кево станциясында 33,6 градус ысык болгон. Бул аймакта 1914-жылдан бери өлкөдө катталган эң жогорку температура болду. 1914-жылдын июль айында Лапландиянын Инари Туле аймагында өлкөдө белгилүү болгон эң жогорку температура 34,7 градус болгон. Лапландия аймагы июль айынын башынан бери Чыгыш Европадан чыккан төмөнкү басымдын кесепетинен ысыктын таасири астында калды. Финляндиянын коңшулары Норвегия менен Швециянын түндүк бөлүктөрү да күндүн ысыгынан жабыркап жатышат. Норвегиянын Түндүк уюлунун Солтдал аймагында ушул аптада абанын температурасы 34 градуска чейин көтөрүлгөнү жарыяланды.
Unknown Author