“Альянстын” артында калың эл турат. Сүрөт баян
Бишкекте 1000ге чукул кишинин катышуусунда “Альянс” саясий партиясынын кезектеги жолугушуусу өттү. Иш-чарага партиянын тең төрагалары баштаган талапкерлер жана тарапташтары, ошондой эле сыйлуу коноктор катышты.
Шайлоо өнөктүгү расмий жарыяланган күндөн тарта “Альянс” партиясынын 54 талапкери аймактарды түрө кыдырып, үгүт иштерин жер-жерлерде активдүү жүргүзүп жатышат. Альянсчыларды колдоп аларды алдыга сүрөгөн, саясий жарышта ийгилик каалап Парламенттен көргүсү келгендердин саны миңдеп саналат.
“Альянс” партиясына прогрессивдүү күчтөр – калың элдин колдоосу бар ири партиялардын лидерлери, саясатчылар, жигердүү жаштар жеке амбицияларды таштап бир күчкө биригишти. Максаты – элге таяныч болуп, ак дилден кызмат кылуу. Ошондой эле экономика, мамлекеттик башкаруу, билим берүү жана саламаттык сактоо тармактарын өнүктүрүү боюнча пландарды алдынкы 5 жылдыкта ишке ашырууну көздөйт.
Альянс №3 - БИР КҮЧ!
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="85114,85110,85103,85102,85104,85105,85107,85106,85108,85115,85109,85112,85111,85113,85116,85117"]
Аткаруучу: «Сереп Медиа» ЖЧКсы. Дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Куренкеев көчөсү, 180.
Буюртмачы: «Альянс» саясий партиясы. Нускасы 1. “Альянс” саясий партиясынын каржы иштери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Ч.К.Арзымбаеванын тескөөсү менен “Альянс” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Чыгарылган күнү: 24-ноябрь, 2021-жыл.