SerepTV Logo

“Ынтымак” менен “Чоң казат” партиялары парламенттик шайлоого чогуу бармай болду

“Ынтымак” менен “Чоң казат” партиялары парламенттик шайлоого чогуу бармай болду

“Ынтымак” жана “Чоң казат” партиялары парламенттик шайлоого чогуу барат. Бул тууралуу "Ынтымак" партиясынын соцтармактагы баракчасында жазылат.

“Чоң Казаттын" лидери Жаркынбек Касымбеков анын партиясы анык бир саясий максаттарына жеткенин, алдыдагы реформалар эми "Ынтымак" партиясы менен бирге ишке ашырыларын билдирди. "Ынтымак" деп партиянын аталышы эле баарын айтып турат. Азыр саясий өңүттө гана эмес, баарыбызга ынтымак керек", - деди Касымбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрга белгиленген.