"Ынтымак" жана "Келечек" партиялары бирикти
“Ынтымак” жана “Келечек” партиялары бирикти. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев соцтармактагы баракчасына жазды.
"28-ноябрда өтчү парламенттик шайлоого катышуу үчүн бирдиктүү саясий күчкө айландык", - деп жазылат маалыматта. Эки партиянын башчылары Марлен Маматалиев менен Чыңгыз Макешов бирикме кыргызстандыктардын бакубат турмушуна багытталган экономикалык реформаларды жүргүзө турганын белгилешти.