SerepTV Logo

Үч шаарда саат 12:00гө карата жалпы добуш берүүчүлөрдүн 12,47 пайызы шайлоого катышты

Үч шаарда саат 12:00гө карата жалпы добуш берүүчүлөрдүн 12,47 пайызы шайлоого катышты
Бишкек, Ош жана Токмок шаарларында кайра шайлоого добуш берүү саат 12:00гө карата 12,47 пайызды түздү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, жалпысынан 77 миң 26 адам добуш берген, бул жалпы шайлоочулардын 12,47 пайызын түзөт. Бишкекте – 39 миң 271 шайлоочу шайлоочу же шайлоочулардын жалпы санынын 9,2 пайызы; Ош шаарында – 30 миң 940 шайлоочу добуш берди, бул 20,26 пайызды түзөт; Токмок шаарында - 6 миң 815 шайлоочу катышты, бул 17,89 пайызды түзөт.
Unknown Author