SerepTV Logo

Бир апта мурда кызматсыз калган Кайрат Иманалиев Маданият министрлигине кайтты

Бир апта мурда кызматсыз калган Кайрат Иманалиев Маданият министрлигине кайтты

Кайрат Иманалиев Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Акылбек Жапаров кол койду. Ал УТРКны 2021-жылдын октябрь айынан тарта жетектеп келип, өткөн аптада кызматтан бошотулган. 

Ага чейин 2021-жылдын февраль-октябрь айларынын арасында Маданият министри, 2019-2021-жылдар аралыгында Маданият министринин орун басары кызматын аркалаган.

edita