SerepTV Logo

"Ушул да министрдин сөзүбү?". Депутат финансы министри Акылбек Жапаров элден кечирим сурашы керек деп эсептейт

"Ушул да министрдин сөзүбү?". Депутат финансы министри Акылбек Жапаров элден кечирим сурашы керек деп эсептейт
Депутат Сагындык Келдибаев министр Акылбек Жапаровду элдин алдында кечирим сурашы керек деп эсептейт. Мындай оюн эл өкүлү кечээ, 28-июнда Жогорку Кеңештин бюджет жана финансы боюнча комитеттин жыйынында билдирди. "Акылбек Жапаров социалдык тармактарга айткан сөзү үчүн элден кечирим сурап койсун. Жаңылып калыптырмын деп. Элди дүрбөлөңгө салып жатат. 2 айдын ичинде чек ара жабылат, буудай жок болот, элибиз ачка калат деп. Бул не деген сөз?! Урматтуу депутаттар, өкмөт мүчөлөрү, бул эмне деген сөз? Ушундай сөздү министр кантип айтат? Кайрадан чыгып айтып койсун жаңылып калыптырмын деп. Эми базарда ун таламай башталат", - деди ал. 24-июнда өкмөттүн жыйынында экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров Улуттук фонд түзүү демилгесин колдоп, "эки-үч ай кечиксек, чек аралар жабылат, унду бир да өлкө чек арадан чыгарбай калат" деген оюн айткан эле.
edita