SerepTV Logo

"Унаа" ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду

"Унаа" ишканасынын директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду
Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Унаа» мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаев ээлеген кызматынан бошотулду. Буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Кечээ, 12-сентябрда Министрлер кабинети президент Садыр Жапаровдун кудасы Турусбек Түмөнбаев менен анын кызы катышкан жарым миллиард сомдук тендерди жокко чыгарган. Бланктарды даярдоо боюнча тендер иши 26-августта президенттин тапшырмасы менен “Унаа” мекемесинин иши текшериле башталганы жана анын жыйынтыгы бүгүн, 13-сентябрда элге жарыяланары айтылган. Ал бул кызматка 2020-жылдын октябрь айында дайындалган эле. Садыр Жапаров кудаларын кандай максатта кызматка алып келгени боюнча берген комментарийи: “Өлкөдөгү туруктуулукту сактоого аракет кылып, мен күнү-түнү дебей кадрларды дароо алмаштырдым. Кызмат адамдары банктардан акчаларды алып, чыгарып кетпесин, качып кетпесин деп эки кудам кызматка туруп калышты”.