Улуттук банк жоюлбай калды... Депутат эмоцияга алдырып ийгенин айтат
"Улуттук банкты жоюп салуу боюнча айтылган сөздөр эмоциялык кайрылуу болду", - деди депутат Самат Ибраев бүгүнкү маалымат жыйынында. Анын айтымында, өлкөнүн башкы банкы өзүнүн функциясын аткарбай жатат.
"Мен Улуттук банкка "2" деген баа берем. Алар президенттин жана өзүнүн фунциясын аткарбай жатат. Өткөн жылы пандемияда Улуттук банк эмне кылды? Эч нерсе кылган жок. Интервенцияга канча акча жумшады? Мынчалык көп каражат кризис учурунда да коротулган эмес", - деди эл өкүлү.
Кечээ, 10-июнда депутат Самат Ибраев Улуттук банк Кыргызстандын экономикасын алдыга жылдырбай жатканын айтып, аны керек болсо, жоюп салса да болорун билдирген. Ал эми Улуттук банк бул боюнча үн катып, эл өкүлү ыйгарым укуктарынын чегинен чыкканын билдирип жооп кылган.