SerepTV Logo

Улуттук банк: "Депутат Самат Ибраев ыйгарым укуктарынын чегинен чыкты"

Улуттук банк: "Депутат Самат Ибраев ыйгарым укуктарынын чегинен чыкты"

Улуттук банк депутат Самат Ибраев Улуттук банкты жоюу жөнүндө айтып жатып, мыйзамда каралган ыйгарым укуктарынын чегинен чыккан деп эсептейт. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Анын айтымында, эл өкүлүнүн көптөгөн билдирүүлөрү абсурд жана чындыкка дал келбейт.

Улуттук банктын иши Баш мыйзамга негизделген. Ошол эле учурда Улуттук банк бүгүнкү күндө эң ачык мамлекеттик органдардын бири болуп саналат. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын каржылык отчету жыл сайын тышкы аудит тарабынан текшерилет жана Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилет. 2000-жылдан берки бардык жылдык отчеттор Улуттук банктын сайтында жайгаштырылган. “Кыргызстандын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө” мыйзамдын 66-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын, анын орун басарларынын жана директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн айлык маяналары президент тарабынан белгиленет.

«Ардактуу депутат ар кандай функцияларга жана ыйгарым укуктарга ээ ар кайсы өлкөлөрдүн борбордук банктарынын ишин салыштырып, өзүнүн сабатсыздыгы менен коомчулукту адаштырат. Улуттук банктын көз карандысыздыгы маселеси мамлекеттин эгемендүүлүгү менен ажырагыс байланыштуу, анткени ушул учурда гана Улуттук банк республиканын көз карандысыздыгынын символдорунун бири болгон улуттук валюта - сомду чыгаруунун өзгөчө функциясын аткарат", - деди Карабаева

Кечээ, 10-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Самат Ибраев Улуттук банктын төрагасын камсыздоого айына болжол менен 400 миң сом кетерин айкан.

edita