Улукбек Мариповдун катышуусунда «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт
14-октябрда Баткен облусунун Баткен шаарында «Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү» форуму өтөт.
Форумдун ишине Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, ата мекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышат.
Иш-чара «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» президенттин жарлыгы алкагында Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтүү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү, ошондой эле жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу максатында өтөт. Аталган форум Баткен облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларга жетишүүгө да мүмкүндүк берет.