Улукбек Марипов Казань Федералдык университетинин ректору Гафуров менен жолугушту
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казань Федералдык университетинин ректору (Татарстан Республикасы, Орусия) Ильшат Гафуров менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Кыргыз Республикасы жана Татарстан ортосундагы билим берүү жана илим жаатындагы эки тараптуу кызматташтык маселеси талкууланды.
Тараптар Кыргыз Республикасынын аймагында Казань Федералдык университетинин филиалын ачуу мүмкүнчүлүгүн талкуулап, аталган маселенин ишке ашырылышына кызыкдарлыгын билдирди. Тараптар билим берүүнүн акыркы технологияларын жайылтуу, Кыргыз Республикасынын тиешелүү жогорку окуу жайлары менен Казань Федералдык Университетинин ортосунда адистерди даярдоо сапатын аныктоочу жаңы стандарттарды калыптандыруу жана ишке киргизүү боюнча кызматташууну активдештирүүгө даяр экендигин билдирди.
Казань Федералдык университетинин ректору Ильшат Гафуровдун айтымында, учурда билим берүү мекемеси 87 адистик боюнча кадрларды даярдоодо. Ал кошумчалагандай, университет өлкөнүн ЖОЖдору менен «2+2» жана «3+1» биргелешкен билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча активдүү ишти баштоого даяр. Улукбек Марипов Билим берүү жана илим министрлигине Кыргызстан жана Татарстандын ЖОЖдору ортосунда кызматташуу боюнча Жол картасын даярдоону тапшырды.
Маалымдама: Орусиянын өкмөтү жыл сайын Кыргыз жарандарына билим алуусу үчүн квота бөлүп берет. Учурда Орусиянын ЖОЖдорунда 15 миң 557 Кыргыз жараны билим алууда, алардын 6567си - бюджеттик негизде. Казань Федералдык университетинде 2020/21-окуу жылында биздин өлкөнүн 91 жараны билим алууда.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54057,54058,54060,54061,54062"]