SerepTV Logo

Улукбек Марипов Казакстандын элчисин кабыл алды

Улукбек Марипов Казакстандын элчисин кабыл алды
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Казакстандын Кыргыз өлкөсүндөгү элчиси Рапиль Жошыбаевди кабыл алды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана башка чөйрөдөгү эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады. Өзгөчө көңүл Казакстандын аймагы аркылуу жүк ташууну ишке ашыруучу кыргыз жүк  ташуучуларынын унааларынын кыргыз-казак чек арасындагы тыгыны маселесин чечүүгө бурулду. Улукбек Марипов элчини Кыргызстандагы дипломатиялык ишинин башталышы менен куттуктап, жооптуу кызматтагы ийгиликтерди жана жемиштүү ишти каалады. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="51205,51206,51207,51208,51209"]
Unknown Author