SerepTV Logo

Улукбек Марипов жана Робин Орд-Смит ишкерлердин укугун коргоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулады

Улукбек Марипов жана Робин Орд-Смит ишкерлердин укугун коргоо боюнча актуалдуу маселелерди талкуулады
Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Кыргыз Республикасынын бизнес-омбудсмени Робин Орд-Смит менен жолугушту. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы ишкерлердин укугунун жана мыйзамдуу кызыкчылыктарынын корголушун жана алардын мамлекеттик органдар тарабынан сакталышын камсыздоо үчүн бизнес-омбудсмен институтунун ишинин маанилүүлүгүн белгиледи. "Биз мамлекеттик органдарды жана бизнес-коомчулукту өлкө экономикасын өнүктүрүү боюнча бирдиктүү ишке багыттоочу көпүрө катары чыгып жаткан бизнес-омбудсмен институтуна колдон келген колдообузду берип, мындан ары карай дагы бул аракетибизди улантууга даярбыз",- деди Улукбек Марипов. Ал белгилегендей, бизнестин укук коргоо органдары менен өз ара аракеттенүүсү боюнча чаралар кабыл алынды, атап айтканда мамлекеттин ишкер субьектилеринин экономикалык ишмердүүлүгүнө негизсиз кийлигишүүсүн четтетүү боюнча иш жүрүүдө жана Финансы полициясы органы жоюлду. Өз кезегинде бизнес-омбудсмен Министрлер кабинетинин башчысына көрсөтүлүп жаткан колдоосу үчүн ыраазычылык билдирип, Министрлер кабинетинин жана институттун натыйжалуу өз ара аракеттенүүсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Робин Орд-Смит бизнес-омбудсмен институту негизги функционалы менен катар республикадагы ишкерликти жана бизнести өнүктүрүгө багытталган реформалар боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер алкагында максималдуу көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54294,54295,54296"]
Unknown Author