Түркиянын Коргоо министри расмий иш сапары менен Кыргызстанга келди
Кечээ, 28-июнда Түркиянын Коргоо министри Хулуси Акар баштаган аскер делегациясы Кыргыз Республикасына расмий иш сапары менен келди. Бул тууралуу Кыргызстандын Коргоо министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эки өлкөнүн коргоо министрлеринин жолугушуусу, аскер күчтөрүнүн учурдагы абалы жана келечеги жана эки өлкөнүн коргоо ведомстволорунун ортосундагы аскердик-техникалык кызматташтыгынын алкагында болот. Ошондой эле, аскер делегациясы "Ата-Бейит" тарыхый-мемориалдык комплексине жана Чыңгыз Айтматовдун үй-музейине барууну пландаштырууда.