SerepTV Logo

Улукбек Марипов Баткендеги курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды

Улукбек Марипов Баткендеги курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алууну тапшырды
Министлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын кеңешмесин өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты. Кеңешменин жүрүшүндө Баткен облусунда  28-30-апрелде кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара тилкесинде орун алган окуялардын натыйжасында жабыркаган чектеш айылдарды өнүктүрүү жана калыбына келтирүүгө тийиштүү маселелер каралды. Министрлер кабинетинин жетекчиси, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Улукбек Марипов белгилегендей, президенттин «Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө» жарлыгынын бардык пункттары өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы тийиш. "Талкаланган турак-жайларды, чек ара тозотторун, социалдык жана башка объектилерди ыкчам калыбына келтирүү боюнча иш активдүү жүрүүдө. Бюджеттен каражат бөлүнгөн. Мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдары курулуш иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алсын. Кабинетте отура бербестен, жер-жерлерге чыгып, оңдоо-калыбына келтирүү иштеринин жүрүшүн көзөмөлгө алыңыздар", - деди Улукбек Марипов. Андан соң мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу орган жетекчилеринин отчету жана Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн маалыматы угулду. Кеңешменин жыйынтыгы боюнча Улукбек Марипов бир катар тапшырмаларды берип, ага катар объектилердин курулушунун жүрүшүн көзөмөлдөө максатында тийиштүү мамлекеттик орган жетекчилеринин Баткен облусуна үзгүлтүксүз чыгуу графигин уюштуруу тапшырмасын берип, ар бир жетекчи президенттин жарлыгынын жана бардык берилген тапшырмалардын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик аларын белгиледи.
Unknown Author