Төрага Шакиев энергетика боюнча: "Койчу көп болсо, кой арам өлөт"
"Энергетика министрлиги болсо, бизге Улуттук энергетикалык холдингдин эмне кереги бар?". Бул тууралуу бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев сурады.
"Негизи кыргызда "Койчу көп болсо, кой арам өлөт" деген жакшы сөз бар. Улуттук энергетикалык холдингдин эмне кереги бар? Ушундай артыкбаштар бири-бирине бут тосуп, элдин кыжырын кайнатып жатасыңар. Сиситеманы иретке келтиргиле да", - деди ал.