Төрага Нурланбек Шакиев маселелерди кароодо депутаттарды активдүүлүккө чакырды
Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев маселелерди кароодо депутаттарды активдүүлүккө чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 11-январда жыйын учурунда билдирди.
"Урматтуу депутаттар, маселе карала баштаганда залдан чыгып кетесиздер. Аягында кирип, мурда берилген суроону кайталап бересиздер. Андыктан, жыйын учурунда тартипти сактап, бири-бирибизди уга билели", - деди төрага. Ал депутаттарды убакытка аяр мамиле кылып, жыйындарга жигердүү катышууга чакырды.