SerepTV Logo

Төрага Нурланбек Шакиев: “Бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес"

Төрага Нурланбек Шакиев: “Бийлик өзүнө ылайыктап жазган мыйзамдын келечеги болгон эмес"
Бүгүн, 15-ноябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев “Сөз эркиндиги жана пикир айтуу эркиндиги: мыйзам түрүндөгү демилгелер” аталышындагы тегерек столго катышты. Бул тууралуу парламенттен маалымдашты. Жыйында Жогорку Кеңештин депутаттары, мамлекеттик органдардын, жарандык коомдордун, эл аралык уюмдардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү да болду. Иш-чара Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, “Адилет” укуктук клиникасы жана Кыргызстан медиасынын аракеттер Платформасы тарабынан уюштурулган. [gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="147632,147629,147631,147630"] Иш-чарада сөз эркиндигине байланышкан маселелерди ар тараптуу талкуулоонун маанилүүлүгүн белгилеген Нурланбек Шакиев: “Кыргызстан аймактагы өлкөлөр арасында сөз эркиндигинин деңгээли боюнча ар убак айырмаланып келген. Андыктан бул артыкчылыкты туура пайдаланып, сөз эркиндиги менен катар жоопкерчилик да бар экенин унутпашыбыз керек”, – деди. Бул багытта демилгеленип жаткан мыйзам долбоорлорун кабыл алуудан мурун бардык тараптардын пикирин угуу максатка ылайык экенин айткан спикер: “Албетте идеалдуу мыйзамдар болбойт. Ар бир мыйзам учурдагы абалды гана эске алып жазылбастан, келечекке да багытталып даярдалышы кажет. Буга байланыштуу демилгеленген долбоорлор боюнча бардык кызыкдар тараптардын пикирин угууга даярбыз”, – деди. Муну менен катар жалпыга маалымдоо каражаттарына чыгып жаткан материалдардын маани-маңызына токтолгон Жогорку Кеңештин төрагасы коомду алдыга сүрөй турган позитивдүү маалыматтарды көбөйтүүнүн зарылчылыгын кошумчалады.