Топографиялык жумушчу топтор кезектеги протоколго кол коюшту
1-7-сентябрь күндөрү Тажикстандын Согди облусуна караштуу Исфара шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Министрлер кабинетинен билдиришти.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду. Тараптар кезектеги жолугушууну Кыргызстандын аймагында өткөрүүнү макулдашты. Жолугушуу достук жана өз-ара түшүнүшүү маанайында өткөн.