"Төлөбөсөк өлөлүбү?". Жапаров менен Мадумаровдун кайым айтышуусу
"Министрлер кабинети Конституциянын 44-беренеси боюнча Конституциялык сотко кайрылыптыр", - деди депутат Адахан Мадумаров парламент жыйынында Акылбек Жапаровго.
"Пенсия, жөлөк пул боюнча кайрылыптырсыңар. Эмне максат менен кайрылдыңар?" - деди депутат.
"Ар бир өлкө өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша социалдык төлөмдөрдү төлөйт. Ошол боюнча чечмелеп берүүнү сурандык", - деди Жапаров.
"Сиз так жооп бериңизчи. Күчтүү эле жооп берчү элеңиз го. Тиригирээк болсоңуз. Билем даражаңыз бийик", - деди депутат.
"Мен сизден улуураакмын, даражам да бийик. Ошол үчүн мага акыл үйрөтпөй эле коюңуз. Министрлер кабинети катары өзүбүздүн укугубуздан колдонуп, Конституциялык сотко ошол беренени чечмелеп берүүнү суранып, кайрылдык", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
"Эмнесин түшүнбөй жатасыз?" - деп сурады депутат.
"Мен жазылып жатканда каршы чыккам. Бирок ошондой болуп калды", - деди Жапаров.
"Анда иштебеш керек да. Каршы чыккан позицияга иштебеш керек да. Мен пенсия, жөлөк пул төлөй албайм деп айтыш керек да", - деди Мадумаров.
"Мен төлөй албайм. Министрлер кабинети төлөйт. Өзүнүн абалы, экономикасына жараша төлөйт. Бүт дүйнө жүзү ошондой", - деди Министрлер кабинетинин төрагасы.
"Конституциялык сотко кайрылуунун кереги жок. Ал жерде төлө деп турат. Бүттү. Аны түшүнүштүн кереги жок", - деди ал.
"Төлөбөсөк өлөлүбү?" - деди Жапаров.
"Төлөй албасаңар, иштей албайбыз дегиле да. Биз Конституцияны аткарбайбыз дегиле да", - деди эл өкүлү.
"Биз иштеп жатабыз. Аны биз да, сиз да чечмедей албайсыз, атайын орган бар. Аны так билесиз", - деди ал.
"44-беренеде так жазылып турат. Пенсия, жөлөк пул эң төмөнкү керектелүүчү куржундан кем болбойт деп. Эмнеси түшүнүксүз?" - деди депутат.
"Бүгүн экономика ушуну так аткарганга күчүбүз жетпей жатат", - деди Жапаров.
Дагы кандай беренелер күмөн жаратып жатканын депутат тактады. «Мен Конституциялык сот эмесмин, алардан сурагыла», - деди Жапаров.
"Мен силерден сурайм. Конституциянын беренелерин аткаруу силердин милдетиңер», - деди Мадумаров.
"Урматтуу кесиптештер, мен өткөндө эле айткам. Конституциянын 44-беренесин аткарбагандыгы үчүн булар кызматтан кетиши керек деп. Мына арасында азыр бир да кыз-келин жок. А мыйзамды кабыл алып жатканда, кыз-келиндер отурат. Эмнеге? Анткени алар окуйт. Алар сабаттуу. Ошол эр-азаматтарды алып келсеңер жакшы болмок", - деди Мадумаров.