SerepTV Logo

Тазабек Икрамов: "Мыйзамсыз кармалган депутаттар боюнча тиешелүү органдар түшүндүрмө беришсин"

Тазабек Икрамов: "Мыйзамсыз кармалган депутаттар боюнча тиешелүү органдар түшүндүрмө беришсин"
Мыйзамсыз кармалган депутаттар боюнча тиешелүү органдар түшүндүрмө беришсе жакшы болмок. Бул тууралуу бүгүн, 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов билдирди.

Анын айтымында, буга чейин депутаттарды мыйзамсыз кармоо боюнча протоколдук тапшырма берилген. «Тийиштүү органдар келип түшүндүрмө берсин. Алар канчалык мыйзамдуу айыпталып жаткандыгын айтып беришсе жакшы болмок», - деди ал.

Буга чейин Аида Касымалиева менен Евгения Строкова да Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаравдун кармалышы боюнча өз ойлорун айтышкан эле.

edita