SerepTV Logo

Ташиев: "Кемпир-Абадды көрбөгөндөр деле каршы сүйлөп, элдин ички дүйнөсүн козутуп жатышат"

Ташиев: "Кемпир-Абадды көрбөгөндөр деле каршы сүйлөп, элдин ички дүйнөсүн козутуп жатышат"
"Кемпир-Абадга барбагандар, аны билбегендер, көрбөгөндөр деле каршы сүйлөшүүдө. Ошону пайдаланышып, элдин ички дүйнөсүн козутуп жатышат". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев "Регион" телеканалына берген маегинде билдирди. "Жогорку Кеңеште каршы болгон 1-2 депутатка да "эмнесине каршысыңар?" деп айттым. Эч нерсе айта албайт. Бир регламентке, бир Баш мыйзамга, анан жөн жаткан Гавасайга, жакшынакай турган Орто-Токойго тийишип жатышты. Мыйзам долбоору Кыргызстанга эң пайдалуу экенине алардын да көзү жетип турат", - деди ал.