"Тарыхый миссия". Ташиев кыргыз-өзбек чек арасы такталып бүткөнү калганын айтты
"Бизге кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин жыйынтыктоо боюнча тарыхый миссия туш келди. Бул бир чети сыймык болсо, бир чети чоң жоопкерчилик". Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-өзбек чек арасын такташуу боюнча өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйынынын жүрүшүндө билдирди.
"Биргелешкен кеңешменин жыйынтыгы боюнча биз жакынкы арада биздин президенттер тарабынан кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын калган тилкелери жөнүндө келишимдин долбоорун кол коюуга даярдайбыз деп ишенем", - деди ал.
Өз кезегинде Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов өзбек тараптын кыргыз-өзбек чек арасын такташуу боюнча келишимдин долбоорун макулдашууга толук түрдө чечкиндүүлүгүн ырастады.
Жыйынтыгында биргелешкен кеңешменин протоколуна кол коюлду, бул кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелери жөнүндө жаңы келишимдин долбоорун макулдашуу процедурасын баштоого мүмкүндүк берет.