Тармактык комитеттердин төрагаларынын орун басарлары шайланды
Чынара Урумкалиева Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин төрагасынын орун басары болуп шайланды. Добуш берүү 16-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында өттү. Ага 86 депутат катышты.
Буга чейин комитеттин төрагасынын орун басары Тазабак Икрамов эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин төрагасы болуп шайланган.
Ошондой эле, Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин төрагасынын орун басарлыгына депутат Нурбек Мурашевдин талапкерлиги сунушталып, 85 добуш менен орун басар болуп шайланды.