SerepTV Logo

Талант Мамытов: "Ак Үйдү курчаган тосмо кайра орнотулбайт"

Талант Мамытов: "Ак Үйдү курчаган тосмо кайра орнотулбайт"
Ак Үйдү курчаган тосмо кайра орнотулбайт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов кечээ, 20-июнда Фейсбуктагы баракчасына жазды. Анын айтымында, парламенттин имараты ачык бойдон калат. Ошондой эле, спикер жалган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. "Урматтуу мекендештер! Ак Үйдү курчаган тосмо кайра орнотулат деген туура эмес маалымат таркалууда. Тосмо кайра орнотулбайт жана парламенттин имараты ачык бойдон калат. Жалган маалыматтарга ишенбеңиздер!" - деп жазды ал. Ак Үйдүн имаратын курчаган тосмо октябрь окуяларынан кийин алынган эле. Өткөн аптада депутат Мейкинбек Абдалиев кээде унаа койгонго орун таппай калып, жыйынга кечигип жатканын айткан. Мындан улам, Ак Үйдүн шлагбаум орнотуу керектиги көтөрүлө баштаган.
edita