SerepTV Logo

Таалайбек Өмүралиев коргоо министри кызматынан бошотулду

Таалайбек Өмүралиев коргоо министри кызматынан бошотулду
Таалайбек Өмүралиев Кыргыз Республикасынын коргоо министри кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Анын кызматтан бошотулушу башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу экени маалымдалды. Бирок азырынча кайсы кызматка дайындалары белгисиз.