"Сөздүн бир тамгасына эмес, маанисине көңүл бурушуңарды суранат элем". Депутат ката айткан сөзүнө түшүндүрмө берди
Кечээ, 3-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында лабораториянын аталышын ката айтып алган депутат Өмүрбек Бакиров коомчулукта пайда болгон талкуудан кийин өз сөздөрүнө түшүндүрмө берди.
"Биз мамлекеттик же расмий тилде сүйлөп жатып адашып кетсек же жаңылып калсак бир жөн эле. Бул жерде бир чет тилиндеги сөздүн бир тамгасына көңүл бурбай, сөздүн маанисине көнүл бурушуңарды суранат элем. Бүгүнкү күндө кыйналып турган карапайым элибизди ого бетер кыйнап, 1700 сомдон баштап 2000 сомго чейин ПЦР-анализ тапшырып жаткан биздин жарандарыбызга, мигранттарыбызга чоң көйгөй жаралганы боюнча, мына ошолордун кыйналып жаткандыгы боюнча сөз болуп жатат. Мына биздин 6 миллион 300 миң жараныбыз болсо, алар анализ тапшырышса, канчалаган акчалар шылуундарга же жеке адамдардын чөнтөгүнө кетип жатканы боюнча сөз козгодум", - деди ал.