SerepTV Logo

"Сөгүнбөйүн дегем, бирок бул п....ц!". Исхак Масалиев бийликтин коронавируска каршы күрөшүн сындады

"Сөгүнбөйүн дегем, бирок бул п....ц!". Исхак Масалиев бийликтин коронавируска каршы күрөшүн сындады
"Сөгүнбөйүн дегем, бирок бул п....ц!". Мындай пикирин экс-депутат Исхак Масалиев кечээ, 4-июлда соцтармактагы баракчасына жазды. "Адам баарына көнөт. Жоготуудан кийинки кайгы да мокойт. Башка бирөөнүн азабы дагы да чоочун боло берет. Жагымсыз болгону менен жалпы жонунан түшүнүктүү. Былтыркы жылы Бишкекте 16 адамдан коронавирус аныкталганда өзгөчө кырдаал режими киргизилген! Бүгүн бир эле күндө борбор калаада 907 кишинин оору жуктурганы аныкталды! А бизде болсо жетекчилер ары-бери басып, кафе менен дүкөндөрдү айып пулга жыгып жүрөт. Шайлоо, үгүт иштери, шайлоочулар менен жолугушуулар. Сөгүнбөйүн дегем, бирок бул п....ц!" - деп жазылат мурдагы депутаттын билдирүүсүндө. Исхак Масалиев буга чейин коронавирус жуктуруп алганын жана анализдерге эле жалпы жонунан 22 миңдей сом коротконун жазып, саламаттыкты сактоо министри шоу жараткандын ордуна вируска каршы чыныгы күрөш үчүн бюджеттен кошумча каражат бөлүүнү талап кылышы керек деген.