SerepTV Logo

Шайлообек Атазов: "Кээ бир депутаттар мурунку кожоюндарына адвокаттык кылып жатышат"

Шайлообек Атазов: "Кээ бир депутаттар мурунку кожоюндарына адвокаттык кылып жатышат"
Бүгүн, 19-майда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйыны өтүп жатат. Жыйында депутат Шайлообек Атазов 17-майда "Кумтөр" боюнча талкуу жүргөнүн, мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров жыйында "Кумтөр" боюнча келишимге кол койгон аткаминерлерди санап бергенин айтып, ошол аты аталган экс-президенттер менен экс-премьерлер депутаттардын алдына келиши керек деп эсептейт. "Кечээ, 18-майда биз "Кумтөр" боюнча келишимди карадык. Акылбек Жапаровдун комиссиясынын жыйынтыгын уктук. Мына ошол жерде биздин 1992-жылдан 2020-жылга чейинки мамлекеттеги кээ бир аткаминерлердин өлкөбүзгө кылган чыккынчылыктары жөнүндө сөз болду. "Кумтөр" келишимин түзүп жатканда, биздин мамлекетибиздин эгемендүүлүгүнө, абийирине сокку урган жөнүндө айтылды. Аты аталган экс-президенттерди, экс-премьер-министрлерди бул жерге чакырып, сурашыбыз керек. Себеби бүгүн кээ бир коллегаларыбыз ошол кожоюндарына адвокаттык кылууну улантып жатат. Бүгүн ошол мамлекеттик комиссияларды да каралап жатышат", - деди ал.
edita