SerepTV Logo

Шайлоо-2021. Бир пайыздан кем эмес добушка ээ болгон партиялар күрөөнү кайра ала алышат

Шайлоо-2021. Бир пайыздан кем эмес добушка ээ болгон партиялар күрөөнү кайра ала алышат
Бир мандаттуу округдарга талапкерлерин көрсөткөн партия Борбордук шайлоо комиссиясынын эсебине күрөөгө 1 миллион сом которот. Бул тууралуу мекемеден билдиришти. Шайлоодон кийин төмөнкү учурда гана күрөө кайтарылып берилет:
  • 1 пайыздан аз эмес добуш алган болсо;
  • Жогорку Кеңешке талапкерлердин тизмеси БШК тарабынан каттоого алынбай артка кайтарылса;
  • шайлоо бюллютени жана текстти түзүлгөнчө ат салыштан баш тартса;
  • шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылса.
Күрөө кайтарылбайт:
  • талапкерди, партиянын тизмесин добуш берүү күнүнө чейин мыйзам бузгандыгы үчүн каттоодон баш тартса;
  • партиянын добуштары жокко чыгарылса.