SerepTV Logo

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет

Сауд Аравиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга келет
Бүгүн, 14-июнда Сауд Аравия падышачылыгынын Кыргызстандагы элчиси Ибрагим Аль-Ради Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды. Бул тууралуу министрликтен кабарлашты. Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө министр дипломатиялык миссиянын башчысын кызматка дайындалышы менен куттуктап, ар бир тарапты кызыктырган ар кандай чөйрөлөрдөгү эки тараптуу кызматташуу маселелерин талкуулады. Тараптар кыргыз-сауд мамилелерине эки тараптуу жана көп тараптуу форматта дагы кошумча динамика берүү жана өз ара аракеттенүүнү кеңейтүү зарылдыгына токтолушту. Ошол эле учурда, элчи Сауд Аравия бийлигинин чечимине ылайык коронавирус инфекциясынын жайылышына жол бербөө үчүн кошумча чараларды көрүү максатында, быйыл Меккеге зыярат кылуу өз жарандарына гана уруксат берүү менен өтө тургандыгын айтты. Өз кезегинде кыргыз министри кыргыз тарап эпидемиологиялык кырдаалды эртерээк турукташтырууга үмүттөнүп, бул чечимге түшүнүү менен мамиле кыларын белгилеп, жогоруда айтылган маалыматтар тиешелүү мамлекеттик органдарга жана Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына жеткирилет деп ишендирди. Ошондой эле элчи Сауд Аравия падышалыгынын тышкы иштер министри Фейсал бин Фархан Аль Сауддун Кыргызстанга ушул жылдын июль айынын ортосунда келүү ниети жөнүндө маалымдалды. Бул иш-чаранын маанилүүлүгүн эске алып, министр Руслан Казакбаев кыргыз тараптын Сауд Аравия падышалыгынын Тышкы иштер министрлигинин башчысын кабыл алууга даяр экендигин билдирди. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="55366,55367,55368,55369"]
Unknown Author