SerepTV Logo

Самат Исабеков Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Самат Исабеков Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды
Исабеков Самат Сатарович Экономика жана финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов бүгүн, 7-июнда кол койду.

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - экономика жана каржы министри Акылбек Жапаров Бажы кызматынын өздүк курамына Самат Исабековду тааныштырды. Самат Исабеков 1996-жылдан ушул күнгө чейин бажы органдарында иштеп, ар кандай ыкчам кызматтарда анын ичинде жетекчилик кызматтарда иштеген.

edita