Министр Нью-Йоркто өткөн ВИЧ/СПИД боюнча жолугушууга онлайн катышты (сүрөт)
Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев виртуалдык режимде 8-10-июнь күндөрү Нью-Йоркто өткөн ВИЧ/СПИД боюнча Жогорку деңгээлдеги жолугушууга катышты. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Министр өз сөзүндө Кыргызстан ВИЧ-инфекциясынын дүйнөдө жайылышынын алдын алуу боюнча глобалдык максаттарды жана туруктуу өнүгүү максаттарын колдой тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, ВИЧ/СПИДге каршы күрөшүү боюнча улуттук иш-чара биринчи кезекте профилактикалык жана диагностикалык программаларды кеңейтүүгө, анын ичинде тез тестирлөөнү жана негизги топтордун жана калктын арасында ВИЧти жалпы дарылоону камтыйт. Буга байланыштуу Кыргызстан өлкөнүн улуттук кызыкчылыктарын эске алуу менен, жаңы Саясий декларациянын кабыл алынышын колдоду.
Иш-чарага мүчө-мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын жана жарандык коомдун 140ка жакын өкүлдөрү катышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="54308,54309"]