SerepTV Logo

Саламаттыкты сактоо министри: "Уу коргошун ракты өстүрбөй кармап турат"

Саламаттыкты сактоо министри: "Уу коргошун ракты өстүрбөй кармап турат"
Бүгүн, 31-майда Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитетинин жыйынында уу коргошундун пайдаларын атады. Анын айтымында, Кыргызстанда 300-400 адамга клиникалык изилдөө жүргүзүлгөн жана изилдөө бүтүм алуу үчүн чоң профессорлор менен академиктерге жөнөтүлгөн. «Уу коргошунду бергенде эң жакшысы, иммунитетти көтөрөт экен. Коронавирус менен ооруп жаткандар жөтөлгөндө какырыкты чыгарат экен. Үчүнчүдөн, кант диабетине пайда экен. Ашказан рагында биз 3-4-баскычында «медицина жардам бере албай калды» деп чыгарып койчубуз. Мына ошол залалдуу шишикти өстүрбөй кармап турат экен», — деди министр. Ошондой эле ал коронавирусту жалгыз гана вакцина менен жеңүүгө боло турганын кошумчалады.
Unknown Author