Садыр Жапаровго «Европа бирлиги-Борбордук Азия» форумун өткөрүүгө көрүлүп жаткан даярдыктар боюнча маалымат берилди
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Бельгия королдугундагы, Нидерланддар королдугундагы, Люксембургдагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муктар Жумалиевди кабыл алды. Анда мамлекет башчысына 5-ноябрга пландаштырылган «Европа бирлиги - Борбордук Азия» биринчи Бишкек экономикалык форумун өткөрүүгө даярдык көрүүнүн жүрүшү тууралуу маалымат берилди.
Муктар Жумалиев президентке Кыргыз Республикасы менен Европа Бирлигинин (ЕБ) ортосундагы эки тараптуу жана регионалдык кызматташтыгынын учурдагы өңүттөрү тууралуу маалымат берди. Анын маалыматына караганда, Кыргызстанга келе турган ЕБ делегациясын Европа комиссиясынын экономикалык маселелери боюнча вице-президенти Валдис Домбровскис жетектейт. Биринчи экономикалык форум Европа бирлиги жана Борбор Азия үчүн жаңы экономикалык платформа болот. Муну менен ЕБ жогорку өкүлүнүн визити Европа бирлигинин Борбор Азия боюнча стратегиясынын жана экологиялык өнүгүү стратегиясы болгон – Европа жашыл келишими алкагында бизнести өнүктүрүүгө жана инвестициялык климатты жакшыртууга дем берет. Элчи бул ЕБ-БА биринчи экономикалык платформасы экенин, ал катышуучу-өлкөлөрдүн экономикалык кызыкчылыктарын чагылдырып жана бириктирерин эске салды. Иш-чара премьер-министрлер деңгээлинде өтөт. Евробирлик ЕБдин жашыл экономикалык өнүгүүгө өтүү боюнча стратегиясын ишке ашырууга 1 триллион евро багыттаарын билдирди. Буга байланыштуу кыргыз тарап алдыдагы форум алкагында ЕБ менен кызматташуу боюнча өзүнүн туруктуу экономикалык долбоорлорун сунуштай алат.
Президент Садыр Жапаров Европа бирлиги менен саясий жана экономикалык натыйжалуу кызматташтыкты өнүктүрүү өлкөнүн тышкы саясатынын алгылыктуу багыттарынын бири катары аныкталганын белгиледи. Мамлекет башчысы белгилегендей бул форумду Кыргызстан жана жалпы эле борборазия чөлкөмү менен кызматташууну кеңейтүүгө оң белги катары караса болот. Президент Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик органдарга алдын ала, уюштуруу иштерин жогорку деңгээлде жасоону тапшырды.