SerepTV Logo

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон иш сапары аяктады
Президент Садыр Жапаровдун Түркияга 15-16-мартта болгон иш сапары аяктады. Ал Анкара шаарында Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.
Иш сапарынын экинчи күнүндө мамлекет башчысы Түрк мамлекеттер уюмуна катышуучу-өлкөлөрдүн башчыларынын Саммитинин (ТМУ) кезексиз жыйынына катышты. Садыр Жапаров өз сөзүндө тездик менен өзгөрүп жаткан дүйнөдө аймактык кызматташтык заманбап мамлекеттер аралык мамилелерде кыйла таасирдүү жана натыйжалуу куралга айланып баратканын белгиледи. Бүгүн, 17-мартка караган түнү президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, Бишкек шаарына кайтып келди.
info