Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды (сүрөт)
Президент Садыр Жапаровдун Нарын облусуна болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти.
Сапардын алкагында мамлекет башчысы "Торугарт" көзөмөл-өткөрмө пунктунун иши менен таанышты. Анда кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасы аркылуу жүктөрдү өткөрүү тартиби көрсөтүлдү. Андан соң Садыр Жапаров Ат-Башы районунун жана Нарын шаарынын тургундары менен жолугушту. Президент жергиликтүү тургундарды кызыктырган суроолорго жооп берип, орто жана узак мөөнөткө пландалып жаткан социалдык-экономикалык реформалар жөнүндө айтып берди.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="57142,57141,57143,57144,57145,57146,57147,57148,57149"]