SerepTV Logo

Садыр Жапаров Венгрияга Айгүл Жапарова менен жөнөп кетти

Садыр Жапаров Венгрияга Айгүл Жапарова менен жөнөп кетти
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 12-февралда расмий сапар менен Будапештке (Венгрия) жөнөп кетти. Расмий сапардын алкагында жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сүйлөшүүлөр, кыргыз-венгер бизнес форуму жана башка иш-чаралардын өткөрүлүшү күтүлүүдө. Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамында: - мамлекет башчысынын жубайы Айгүл Жапарова; - тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев; - Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев; - Кыргыз Республикасынын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков; - билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов; - санариптик өнүктүрүү министри Талантбек Иманов; - экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев; - юстиция министри Аяз Баетов.
info