Садыр Жапаров Улуу Британия королдук үй-бүлөсү тарабынан уюштурулган салтанатка катышты (сүрөт)
Кечээ, 1-ноябрда Глазго шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун Климаттын өзгөрүшү боюнча алкактык конвенциясынын тараптарынын 26-конференциясынын Дүйнөлүк лидерлеринин саммитинин алкагында Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландия Королдук үй-бүлөсүнүн атынан кабыл алуу болду.
Салтанаттуу кабыл алууга президент Садыр Жапаров катышты. Падыша үй-бүлөсүнүн атынан меймандарды ханзаада Чарльз кабыл алган.
БУУнун климат боюнча конференциясы алкагындагы кечки сый кабыл алуу кечесинде ошондой эле башка өлкөлөрдүн лидерлери жана делегация башчылары катышты.
[gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="81262,81261,81294,81263,81259,81260"]