SerepTV Logo

Садыр Жапаров: "Тергөөчүлөр, айыптоочулар, судьялар чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек"

Садыр Жапаров: "Тергөөчүлөр, айыптоочулар, судьялар чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек"
Тергөө органдары, мамлекеттик айыптоочулар жана судьялар мамлекеттик айыптоонун жүйөлөрүн адилеттүү сот процессинде талашуу мүмкүнчүлүгүн берген чыныгы атаандаштык шартында иштөөнү үйрөнүшү керек. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында билдирди. Мамлекет башчысы сот өндүрүшдөгү терс көрүнүштөрдү жоюу үчүн оболу Жазык кодексин, Процессуалдык жана башка кодекстердин, ошондой эле, укук коргоо иштери менен сот өндүрүшүн жөнгө салуучу мыйзамдардын жаңы басылмаларын иштеп чыгуу зарылдыгын белгиледи. Ошол эле учурда азыркы Конституция, атап айтканда анын «Адамдын жана жарандын укуктары, эркиндиктери жана милдеттери» деген бөлүмү мыйзамдарды реформалоонун баштапкы негиздерин түзүүгө тийиш. Президент жаңы мыйзамдарда адамдарды кыйноо коркунучунан коргоонун, кадыр-баркты басмырлоого каршы туруунун натыйжалуу механизмдери каралып, кыйноо фактылары боюнча акыйкат жана ыкчам иликтөө жүргүзүүнүн механизимдери камтылууга тийиш экенин баса белгиледи. Сот жана укук коргоо системалары ачык-айкын болууга, ал эми иш-аракеттери коомчулуктун көзөмөлүндө болууга тийиш. Мамлекет башчысы реформалардын натыйжасында сот системасынын жарандарга болгон мамилеси өзгөрүшү керек деп эсептейт. Ал үчүн адам укуктарын коргоону мыйзамдар аркылуу негизги критерий катары белгилеп, сот системасын жөнөкөй жарандар түшүнгөн, ачык жана жеткиликтүү бийлик бутагына айландыруу зарыл. «Учурдагы кодекстерди жана мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттердин жүрүшүндө ведомстволук амбицияларды эмес, жарандын, ар бир конкреттүү адамдын кызыкчылыгы жогору коюлушу керек. Жазык жана процессуалдык мыйзамдарды өркүндөтүү боюнча иш-аракеттер Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына ылайык так жүргүзүү абзел», — деди ал. Ошону менен бирге президент мыйзамдарды гумандаштыруу боюнча иш-чараларды жүргүзүүнүн алдында анын мурдагы этаптарынын жыйынтыктарын анализдөө зарылдыгына басым жасады. Садыр Жапаров алдыдагы сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү боюнча реформаларды ишке ашырууда Жогорку Кеңеш чоң роль ойнорун баса белгиледи. Жаңы Конституциянын сот системасын жөнгө салуучу нормаларын ишке ашыруу максатында жакын арада соттук реформа боюнча мыйзам долбоорлорунун пакетин сунуш кыларын кошумчалады.
edita