Садыр Жапаров: "Соттор бузулган укуктарды коргоо ишин натыйжалуу аткара албай жатышат!"
«Өзгөчө белгилеп кетүүчү жагдай — соттор жана укук коргоо органдары биздин коомдо болуп жаткан процесстерден четте калбай тургандыгы. Биздин жеке тажрыйбабыз көрсөтүп тургандай, өлкөбүздөгү коомдук-саясий туруктуулук жана мыйзамдуулук алардын ишинин сапатынан көз каранды», — деп белгиледи президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-июнда президентке караштуу Сот жана укук коргоо ишин өркүндөтүү маселелери боюнча кеңештин биринчи жыйынында.
Ал сот жана укук коргоо органдарынын ишин жакшыртуу боюнча негизги көйгөйлөр боюнча өзүнүн көз караштары менен бөлүштү. Анын айтымында, соттор жана укук коргоо органдары — миңдеген адамдардын тагдырлары чечилип жаткан өзгөчө маанидеги мамлекеттик институт.
«Андыктан, судьялар жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери кесипкөйлүктүн төмөндүгүн жана бир жактуулукту көрсөтүп, мыйзамдуулуктун принциптерин бузса, конкреттүү бир судья, же кызматкер гана уят болбостон, жалпы мамлекеттин беделине шек келтирилет, мамлекетке болгон ишеничке коркунуч жаралат. Канчалык ачуу болсо да, калк тарабынан айтылган бир чындыкты тайманбай моюнга алышыбыз керек: өлкөдө сот реформасы жүргүзүлүп жаткандыгына карабастан, сот жана укук коргоо системалары өздөрүнүн негизги функциясын — бузулган укуктарды коргоо жана калыбына келтирүү ишин жетиштүү жана натыйжалуу деңгээлде аткара албай жатат! Коомдо ушундай пикирдин үстөмдүгү сакталып жаткандыгын эскерте кетейин», — деди өлкө башчы.
Мамлекет башчысы өлкөдө иштеп жаткан айрым эл аралык уюмдардын изилдөөлөрүн эске салды, анда инвесторлордун сот жана укуктук системасына ишеничи төмөн. «Алар биздин сот жана укуктук системабызды мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоп бере албаган система катары баалашат. Мындай жагдайда биз — мамлекеттик бийликтин өкүлдөрү, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардагы биздин өнөктөштөрүбүздүн пикирлерин кунт коюп угуп, тийиштүү жыйынтыктарды чыгарууга милдеттүүбүз», — деди ал.
Ал азыркы учурда зарыл иш-чараларды реалдуу түрдө жүзөгө ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар, эркибиз жетет деп терең ишенерин билдирди. Президент ошондой эле, экономиканын өнүгүүсүнө жана өлкөгө инвестициялык агымдардын кирүүсүнө өбөлгө түзгөн мүлк жана ишкердиктин субъектилеринин укуктары менен мыйзамдуу кызыкчылыктары карата эффективдүү соттук коргоону камсыз кылышыбыз керектигин белгиледи. «Ошентип, биз улуттук укук коргоо жана сот ситемасын түп-тамырынан бери өзгөртүүнү башташыбыз керек. Мурунку тажрыйбаны эске алып, кайра карап чыгып, эл-журттун кызыкчылыгындагы эффективдүү укук коргоо жана сот системасын түзүүнүн, соттук-укуктук реформаны жандандыруунун убакты-сааты келди!» — деди Садыр Жапаров.
Ал баса белгилегендей, коомдук өнүгүүнүн талап-муктаждыктарын чагылдырган мыкты, төгөрөгү төп келген мыйзамдардын болушу — укук коргоо жана сот ситемасынын эффективдүү иштешинин маанилүү шарты. Мыйзамдар укук коргоо ишине жана сот өндүрүшүнө тоскоолдук жараткан сенек нерсе катары болбостон, заман талабына шайкеш келиши зарылдыгын билдирди. Президент мыйзамдарды сапаттуу жаңыртуу жана өркүндөтүү боюнча иштер төмөндөгүдөй негизги этаптарды камтышы керек деп ойлойт:
- биринчи этап — тергөө жана сот өндүрүшү маселелерин жөнгө салган мыйзамдардын учурдагы абалына баа берүү, алардын негизги карама-каршылыктарын жана өркүндөтүүнүн баштапкы пункттарын аныктоо;
- экинчи этап — мыйзамдарды өркүндөтүүнүн артыкчылыктуу, учурдагы, негизги, келечектүү багыттарын аныктоо жана аларды жүзөгө ашыруу.