SerepTV Logo

Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Коха Навруз» комплексине барды

Садыр Жапаров ШКУ саммитине катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Коха Навруз» комплексине барды
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө-мамлекет башчыларынын Кеңешинин отурумуна катышуу үчүн Душанбе шаарындагы «Кохи Навруз» комплексине барды. Бул тууралуу президенттик аппараттан билдиришти. Президент Садыр Жапаровду комплексте Эмомали Рахмон тосуп алды, андан соң ШКУга катышуучу-өлкө лидерлери чогуу сүрөткө түшүштү. Алар уюмдун алкагындагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн жыйындар залына киришти. ШКУ саммитине бирикмеге мүчө-мамлекет башчылары катышат: Кыргызстан, Индия, Казакстан, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстан. Ошондой эле байкоочу макамы бар мамлекеттердин лидерлери: Ооганстан, Беларусь, Иран жана Монголия. Мааракелүү саммитте ардактуу мейман катары Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов катышат. Дагы алты өлкө уюмда диалог боюнча өнөктөш макамында: Азербайжан, Армения, Камбоджа, Непал, Түркия жана Шри-Ланка. Белгилей кетсек, бүгүн ошондой эле биринчи жолу Шанхай кызматташтык уюму жана Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө-мамлекет башчыларынын жолугушуусу өтөт.