Садыр Жапаров Санкт-Петербургга учуп кетти. Делегациянын курамы
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 26-декабрда Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинине мүчө мамлекеттердин мамлекет башчыларынын салттуу бейформал жолугушуусуна катышуу үчүн Санкт-Петербург шаарына жумушчу сапары менен учуп кетти.
Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:
- Президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;
- Тышкы иштер министринин биринчи орун басары Асеин Исаев;
- Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Гүльнара-Клара Самат.